ЖАНЫ ЖАЙ АЛБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Дайыма бир нерселер менен алек болуп тынымсыз аракеттене берүү, тынч алып отура албоо, тыным албоо. Батыйна жаны жай албай жүгүрүп жүрсө да бардык ою, бардык дили тиги телмирип отурган Абышында (Сыдыкбеков). Жаны жай албай чарчаган неме ошентип жатып көзү илинип кетиптир (Саатов). Шволик улам сыртка чыгып, улам үйгө кирип жаны жай албады (Ашымбаев). 2. Жаны кейип абдан катуу кыйналуу, тынчы кетип алдастоо. Бели уюп, эки жоон саны сыздап жаны жай албай араң турган Ракыйма эмнелерди көргөнүн анча эсине тута алган жок (Сыдыкбеков). Аларды ойлоп жаны жай албай сыздап жатты (Бердикеев).